Опубликовано
25.07.2023, 11:30"Айыл Банк" ААК “Газдаштыруу” программасынын алкагында “Газпром Кыргызстан” менен күрөөсүз негизде насыя бере баштады. Бул тууралуу аталган банктын сайтына жарыяланды.
Бул насыя турак жайлардын, бизнес-жайлардын жылытуу казандарын орнотууга жана газдаштыруу кызматтарына акы төлөөгө арналган.
“Насыянын суммасы 200 миң сомго чейин. Пайыздык чен жылдык 18 %ды түзөт. Мөөнөтү күрөөсүз негизде 24 айга чейин”, - деп айтылат маалыматта.
Белгилеп кетсек, 31-августка чейин "Айыл Банк" ААКтан газдаштырууга насыя алган кардарлар үчүн "Газпром Кыргызстан" ЖЧКдан 3 миң сомго чейин газдаштыруу кызматтарына арзандатуу каралган.