Опубликовано
14.04.2022, 08:18"Айыл Банкка" 271 млн сомдон ашык каражат айыл чарба субъекттерине жана кайра иштетүүчү ишканаларга айыл чарба, суу-сугат жабдууларын, машиналарды жана жабдууларды лизингге берүү үчүн которулат.
Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, 11-апрелде Финансы-кредиттик фонд Кыргызстан менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык шериктештигинин Кризиске каршы фондунун инвестициялык кредити боюнча «Айыл Банк» ААК менен карыздык милдеттенмесин түзүү боюнча иштерди жүргүздү.
«Айыл Банкка» айыл чарба субъекттерине жана кайра иштетүүчү ишканаларга айыл чарба жана суу-сугат техникаларын, машиналарды жана жабдууларды төмөнкү шарттарда лизингге берүү сунушталды:
Лизинг алуучулардын жабдууларды лизингге сатып алууда кошкон өздүк салымдары (алгачкы төлөмдөр) банкта аларды кийин лизингге жабдууларды сатып алуу үчүн пайдалануу менен топтолот.
Лизингге машиналарды жана жабдууларды сатып алууга артыкчылык укугу шаардык машина-трактор станцияларына, бирикмелерге, айыл чарба субъектилеринин бирикмелерине жана айыл чарба кооперативдерине берилет.