Akchabarsearch

    Опубликовано

    26.03.2022, 08:19

    Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмесин өткөрүп, анда 13 маселе каралды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

    Атап айтканда, министрлер кабинетинин мүчөлөрү “Күрөө жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө” министрлер кабинетинин чечим долбоорун карап чыгып, жактырышт

    Мындан тышкары, Айыл чарба министрлиги “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамын долбоору жөнүндө” министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун кароого сунуштад

    "Министрлер кабинетинин мүчөлөрү ошондой эле республикалык бюджеттен айыл чарба техникаларын сатып алууга 199 млн 390 миң сом өлчөмүндө бюджеттик кредит бөлүп берүү жөнүндө министрлер кабинетинин тескемесинин долбоорун карап, жактырышты",- деп айтылат маалыматта.

    “2022-2024-жылдар мезгилине программалык бюджеттөөнү ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча Жапаров министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлерин программалык бюджет түзүү ыкмаларына окутууну тапшырд

    Ошондой эле министрлер кабинетинин мүчөлөрү “2021-жылдагы ташып кирүүгө бажы алымдарынын (эквиваленттүү болгон башка алымдардын, салыктардын жана жыйымдардын) суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү, аларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин кирешелерине чегерүү тартибин сактоо маселелери боюнча биргелешкен контролдук иш-чараларды өткөрүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КР мыйзамынын долбоору жөнүндө” токтом долбоорун кабыл алды.


    Читать похожее