Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    18.07.2023, 03:51

    14-июлга карата “Айыл чарбасын каржылоо -11” долбоору боюнча дыйкан-фермерлерге 3 млрд. 189 млн. 408 миң сомго 7 миң 96 насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

    Маалыматка ылайык, өсүмдүк өстүрүү боюнча жалпы 819 млн. 238 миң сомго 1 951 насыя берилди, анын ичинен банктар боюнча:

    • “Айыл Банк” аркылуу - 469 млн 348 миң сомго 1 092 насыя;
    • “РСК Банк” аркылуу - 349 млн 890 миң сомго 859 насыя берилген.

    Ал эми мал чарбачылыгы боюнча жалпы 2 млрд. 370 млн. 170 миң сомго 5 миң 145 насыя берилсе, анын иченен банктар боюнча:

    • “Айыл Банк” аркылуу - 1 млрд 141 млн 885 миң сомго 2 429 насыя;
    • “РСК Банк” аркылуу - 1 млрд 228 млн 285 миң сомго 2 716 насыя берилген.

    Жалпы бардыгы болуп эки тармакка 3 млрд. 189 млн. 408 миң сомго 7 миң 96 насыя берилди.


    Читать похожее