Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    25.08.2020, 10:30

    13-августка карата «Айыл-чарбасын каржылоо-8» добоорунун алкагында 9 миң 71 чарбалык субъектке 4 млрд 582,3 млн сомго жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

    [news 27401]

    Анын айтымында, аталган долбоор боюнча насыялар «Айыл Банк», «РСК Банк» жана башка коммерциялык банктар аркылуу берилүүдө.

    «Дыйканчылык боюнча 1 мин 240 субъектке, мал чарбасына 7 миң 620 субъектке, «Кластер» программасы боюнча 92 субъектке, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө 98 субъектке, унду кайра иштетүүгө 11 субъектке жеңилдетилген насыялар берилди», - деди ал.


    Читать похожее

    • 25.08.2020, 04:30:18