
Опубликовано
14.08.2023, 08:57Быйыл январь-июль айларында айыл чарбасынын дүң продукциясы 151,3 млрд сомго өндүрүлгөн. 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу реалдуу өсүү темпи 98,3%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын январь-июлуна салыштырганда айыл чарбасынын дүң продукциясынын көлөмүнүн төмөндөшү негизинен буудай данынын (30,6 пайызга) жана арпанын (42,6 пайызга) кыскарышынын эсебинен, өсүмдүк өстүрүүнүн 8,7%га төмөндөшү менен шартталган.
Белгилеп кетсек, айыл чарба өндүрүшүнөн ИДПны түзүүгө терс салым (-) 0,16 пайыздык пункт деңгээлинде бааланат. ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндө айыл чарбасынын үлүшү 8,1%ды түздү.



