Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    28.07.2023, 09:51

    Ош шаарынын түндүк тарабындагы “Айланма Ош” унаа жолунун 12-17 чакырымына асфальт-бетон төшөөдө мыйзам бузулганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

    Маалыматка ылайык, тийиштүү кызмат адамдары 2021-2023-жылы аткарылган иштерди кабыл алуу актыларына иш жүзүндө төшөлбөгөн асфальт-бетонду орнотуу боюнча иштерди жогорулатылган баада киргизишкен жана жол иштери сапатсыз аткарылгандыктан айрым жол катмарлар бузулуп кеткен.

    “Бул ишке Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин “Кыргыз автожол” мамлекеттик ишканасынын №21 жол тейлөө ишканасынын, Жол чарба департаментинин №5 регионалдык бөлүмүнүн жана “В.С.Л.” ЖЧКнын кызмат адамдарынын тийиштиги бар экени маалым болду. Натыйжада мамлекетке жалпы 2 млн 683 миң 786 сомдук зыян келтирилген”, - деп айтылат маалыматта.

    Учурда аталган мыйзам бузуу фактысы боюнча тергөө иштери жүрүүдө.


    Читать похожее