Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

06.03.2024, 04:51

Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Көк-Сай айылында 140 орундуу жаңы бала бакча курулууда. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти.

Маалыматка ылайык, объекттин курулушу 2017-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Курулуш иштерин 2024-жылдын биринчи жарымында бүтүрүү пландалууда.

Бакчанын жалпы аянты 1480,9 чарчы метрди түзөт.

Бакчада иш-чаралар, оюндар жана эс алуу үчүн жайлар, ашкана, кампалар, музыка класстары жана медициналык кабинет болот.


Читать похожее

  • 05.03.2024, 22:51:39
  • 02.02.2024, 04:10:13