Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

01.05.2024, 08:45

Ак-Суу районунда ири ирригациялык канал оңдолуп, 14 гектардан ашык жерди сугат суу менен камсыз кылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган канал 68 жылдан бери иштетилбей келген.

Райондор аралык бул канал Ак-Суу районунда 9 миң гектардан ашык, Түп районунда 5 миң гектардан ашык жерди суу менен камсыздайт.

Оңдоо иштеринде инфраструктуранын эскирген элементтерин алмаштыруу, жээк тилкелерин бекемдөө жана каналдын бүтүндүгүн калыбына келтирилди. Бул иш-чаралар каналдын өндүрүмдүүлүгүн жана бекемдигин жогорулатууга багытталган, бул суу ресурстарын оптималдаштырууну жана аймактагы айыл чарба тармагынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылат.


Читать похожее

  • 29.07.2024, 02:20:12
  • 01.05.2024, 02:45:18
  • 02.04.2024, 21:48:15
  • 09.08.2020, 21:26:26