Akchabarsearch
    Источник фото: өкмөттүн сайтынан

    Опубликовано

    02.04.2021, 08:27

    Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Ак-Жол-автожол» – «Кордай автожол» өткөрүү пункттары кайрадан иштей баштады. Кыргызстан өзүнүн өткөрүү пунктун оңдоо үчүн 342,3 миллион сом сарптады. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

    Өткөрмө пункттардын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын премьер-министрлери Улукбек Марипов жана Аскар Мамин дагы катышты.

    «Өлкө жөнүндө алгачкы пикирлер чек арадан башталат. Ошондуктан жаңыдан ачылган өткөрүү пункттары эл аралык стандарттарга толугу менен жооп берет жана заманбап жабдылган. Паспорттук көзөмөлдөн өткөрүү кабиналарынын саны көбөйтүлгөн, ал чек араны кесип өтүүчү жарандардын убактысын кыскартууга мүмкүндүк берет. Өткөрүү пункттарынын ачылышы экспорт жана импорттун көлөмүн жогорулатууга, эки өлкөнүн транзиттик потенциалын чыңдоого багытталган стратегиялык милдеттерди чечүүгө карай кадам болуп саналат», - деди Улукбек Марипов.

    Реконструкциялоодон соң көзөмөл-өткөрүү пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү 2,5 эсеге жогорулайт.


    Читать похожее