Опубликовано
31.03.2022, 03:46Министрлер кабинети кезектеги кенешмесинде Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө чечимди жактырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Координациялык кеңешти министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жетектейт.
Белгилесек, кеңештин негизги максаты макроэкономикалык жана инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча координацияланган чечимдерди кабыл алуу жолу аркылуу өлкө экономикасын стабилдештирүү жана туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө жетишүү.
Жыйындын жүрүшүндө министрлер кабинетинин мүчөлөрү 10 ашуун маселени карады. Ошондой эле министрлер кабинети чечим кабыл алып, ага ылайык, Ысык-Көл облусунун Тамчы айылындагы өткөрүү пункту, бажы көзөмөлү жана «Ысык-Көл» аэропорту авиакомпанияларга жана жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында күнү-түнү иштей турган болду.