Опубликовано
18.03.2022, 11:36Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусунда жайгашкан бир катар алтын кендерине барып, Иштамберди кенин иштетип жаткан «Фул Голд Майнинг Компани» жабык акционердик коомунун учурдагы ишмердүүлүгү жана өнүктүрүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
«Фулл Голд Майнинг Компани» компаниясынын маалыматы боюнча, ишканада иштегендердин 91%ы – жергиликтүү тургундар. Министрлер кабинетинин башчысы ишкананын жетекчилери менен пикир алышуусунда жумушчулардын эмгек акысын жогорулатуу, турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу, ошондой эле ишканадагы технологиялык процесстерди өркүндөтүү зарылдыгын белгиледи.
Андан соң Жапаров «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы кен казып жаткан Терек-Сай кенине барды.
Ал учурда тесттик режимде иштеп жаткан алтын бөлүп чыгаруучу фабриканын ишмердүүлүгү менен таанышып, калдык сактоочу жайларды көрүп чыкты.
Министрлер кабинетинин төрагасы ишканада техникалык жана экологиялык ченемдерди сактоо, ошондой эле жергиликтүү калк менен байланыш түзүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.