Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    04.04.2022, 03:28

    Кыргызстанда 2013-жылдан бери “Айыл чарбасын каржылоо” долбоорунун алкагында 115 194 чарбалык субъектиге 48,26 млрд. сом насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

    Долбоордун максаты ата-мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөр тарабынан өсүмдүк өстүрүүнү, мал чарбачылык жана агрардык өнөр жай тармагын өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген насыялык ресурстар менен камсыздоо болуп саналат.

    • «Мал чарбачылык» тармагы боюнча 31,53 млрд. сом суммасына 93 028 субъект, ал насыя берүүнүн жалпы көлөмүнөн 65% түзөт;
    • «Өсүмдүк өстүрүүчүлүк» тармагы боюнча 6,96 млрд. сом суммасына 20 052 субъект, ал насыя берүүнүн жалпы көлөмүнөн 14% түзөт;
    • «Айыл чарба өндүрүмүн кайра иштетүү» тармагы боюнча 9,76 млрд. сом суммасына 2 114 субъект, ал насыя берүүнүн жалпы көлөмүнөн 21% түзөт.

    Белгилесек, «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорун ишке ашырууну улантуу максатында министрлер кабинетинин 12-январдагы №3-р буйругу менен «Айыл чарбасын каржылоо-10» долбоору бекитилген.

    "Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 8 коммерциялык банкы катышууда, аларды насыялоонун көлөмү 4,9 млрд. сом суммасын түзүүдө. 2022-жылдын 24-мартына карата бул Долбоордун алкагында республиканын 2 736 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 1 313,9 мин. сом суммасына каржылоо насыялары берилген",- деп айтылат маалыматта.


    Читать похожее

    • 24.05.2024, 04:30:11
    • 03.04.2022, 21:28:48