Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

24.09.2020, 10:45

Бүгүнкү күндө тазаланган алтын куймасынын баасы 163 миң 976.5 сомду түзөт. Акыркы ирет ушундай эле баа 29-июлда катталган. Белгилей кетүүчү нерсе, бир күндүн ичинде (23нөн 24-сентябрга чейин) алтынды кайра сатып алуунун баасы 2 миң 426 сомго же 30.6 долларга төмөндөгөн. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматтары айгинелейт.

[news 28277]

Өз кезегинде унциянын бугүнкү күндөгү баасы 166 миң 436.5 сомду түзөт - бир күн ичинде 2 миң 462 сомго же 31 долларга төмөндөгөн.

Кошумчалай кетсек, азыркы учурда, сооданын жүрүшүнө ылайык, үчтүк унция алтындын дүйнөлүк баасы төмөндөп, 1 миң 852 долларды түзгөн.


Читать похожее

  • 24.09.2020, 04:45:22
  • 01.09.2020, 05:00:52
  • 08.07.2020, 02:10:13