akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: www

    Опубликовано

    03.03.2022, 05:26

    Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик бюджетке 26 млрд 85,1 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан кабарлашты.

    Бекитилген план 103,9 %га аткарылды же 987,3 млн сомго ашык чогултулду.

    "2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 11 млрд 890,5 млн сомго көп жыйналды же өсүү ыргагы 183,8 %ды түздү", - деп айтылат билдирүүдө.

    Анын ичинде февралда 15 млрд 758,9 млн сом салык жыйналды. План 2,4 %га же 367,2 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2021-жылдын февралына салыштырмалуу 8 млрд 120,3 млн сомго көп жыйналды (өсүү ыргагы 206,3%).


    Читать похожее