Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

04.03.2022, 07:56

Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында 6 млрд 671 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

План 5,9 %га же 371 млн сомго ашык аткарылган.

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 1 млрд 74,1 млн сомго көп жыйналды (өсүү ыргагы 119,2 %).

“Анын ичинде февраль айында камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча белгиленген план 103,7%га аткарылган. 3 млрд 318,1 млн сом жыйналды, 118,1 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2021-жылдын февралына салыштырмалуу 240,1 млн сомго көп жыйналды”,- деп айтылат маалыматта.


Читать похожее

  • 25.07.2024, 21:45:50
  • 04.04.2024, 04:15:50
  • 11.04.2022, 03:37:26
  • 04.03.2022, 01:56:21