Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

27.05.2024, 04:20

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Камыш айылында жүргөн селден жабыркаган 56 турак үйдүн короо-жайы тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Эске салсак, 25-майда жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Камыш, Сары-Челек, Үч-Коргон айыл аймактарында сел жүрүп, 56 турак жайды каптап, 3 сарайды жараксыз абалга келтирген.

"Учурда кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Жарандык коргонуудан 100 адам жана ӨКМден 24 куткаруучу тартылган. Ошондой эле, Кара-Суу дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, Сары-Челек айыл аймагында үч көпүрө жараксыз абалга келген.


Читать похожее

  • 26.05.2024, 22:20:57
  • 23.04.2024, 00:24:53