Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

12.01.2021, 10:40

Мамлекеттик салык кызматы алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына акциздик маркаларды даярдоо, Кыргызстандан жана анын чегинен сыртка жеткирүү боюнча кызматты сатып алууга жаңы конкурс жарыялайт.

[news 31531]

Маалыматка ылайык, конкурс мамлекеттик электрондук сатып алуулардын бир этаптуу эки пакеттүү ыкмасы менен өткөрүлөт.

Конкурска катышууга карата табыштамалар 2021-жылдын 29-январында саат 15.00гө чейин мамлекеттик сатып алуулар порталында кабыл алынат.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын сентябрь айында жарыяланган мурунку конкурс акциздик маркалардын коргоо элементтерин жана касиеттерин күчөтүү боюнча талаптарды жогорулатуу максатында ноябрь айында жокко чыгарылган.


Читать похожее

  • 12.08.2024, 05:45:36
  • 25.07.2024, 21:45:50
  • 16.07.2024, 05:55:23
  • 14.07.2024, 22:21:44