Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

02.07.2024, 10:45

Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы Эл достугу монументин калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, борбордук Ала-Тоо аянтын реконструкциялоонун алкагында эстеликти жаңылоо, анын ичинде коло элементтерди жана барельефтин алкактарын сырдоо иштери жүрүп жатат.

Эски мрамор толугу менен жаңысына алмаштырылат, айлана-чөйрөнү да көрктөндүрүү каралган.