Опубликовано
10.09.2019, 04:01Алай районунда жаңы курулган спорт зал менен ФАП пайдаланууга берилди.
7-сентябрь күнү Алай районунун акими Замирбек Молдокулов алыскы Сары-Могол жана Талды-Суу айыл өкмөттөрүнө барган. Аким аталган айыл өкмөттөрдөгү бала бакча, мектеп, ФАП, маданият үйү сыяктуу социалдык объектилерди кыдырып, алардын кышка болгон даярдыгы менен таанышты.
Ошондой эле Сары-Могол айыл өкмөтүндө спорт залдын ачылышы өттү. Спорт залдын жалпы сметалык баасы 7 млн 600 миң сомду түзүп, жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган.
Андан тышкары Талды-Суу айыл өкмөтүнүн Арча-Булак айылында фельдшердик-акушердик пункт пайдаланууга берилди. Аталган ФАПтын курулушу да жергиликтүү бюджеттен каржыланып, ага 3 млн 306 миң сом сарпталган.
Булак: Турмуш