Опубликовано
25.07.2024, 03:1525-июлдан 28-июлга чейин Кыргызстанда абанын температурасы +40 градуска чейин ысыйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында абанын температурасы күндүз 35...40°, Талас облусунун өрөөндөрүндө 33...38° ысык болот.
"Мындай аптаптуу аба ырайында суусуздануу жана ысыкка урунуп калбоо үчүн, күн нурунан сактануу, ошондой эле эгиндерди мол сугаруу сунушталат", - деп айтылат маалыматта.