Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    08.03.2022, 10:15

    Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте Бишкек шаарында жана Чүй облусунун Сокулук районунда алкоголдук продукцияны жашыруун өндүргөн 3 цехти аныкташты. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

    Жашыруун цехтерде алкоголду кустардык жол менен өндүрүү, сатуу жана сактоо, ошондой эле шектүү акциздик маркаларды колдонуу фактысы аныкталды.

    Мындан тышкары, ээлеринде товарга карата лицензия, коштоочу документтер (сертификаттар, эсеп-фактуралар, товардык-транспорттук коштомо кагаздар) жок болгон.

    "Жыйынтыгында кустардык өндүрүштөгү жергиликтүү алкоголдук өндүрүүчүлөрүнүн ар кандай бренддериндеги 1 миң 414 бөтөлкө алкоголдук продукция, 1 миң 709 даана пайдалана элек акциздик марка, 145 литр этил спирти (95%), 5 миңден ашык этикетка жана 2 миңден ашык капкак тартып алынды", - деп айтылат билдирүүдө.

    Белгиленгендей, ишкердик субъекттерге карата КР мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.


    Читать похожее