Опубликовано
16.02.2022, 09:38Казакстандын Алматы шаарында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташтык боюнча Жумушчу топтун 1-жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Казакстандын премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун чакыруусу боюнча Алматыда иш сапары менен жүрөт.
"Кеңешменин жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелерин, анын ичинде кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы учурдагы кырдаалды карады. Жыйындын соңунда тиешелүү Протоколго кол коюлат",- деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары Алматыда үч өлкөнүн ортосундагы иш-аракеттерди натыйжалуу координациялоону камсыз кылуу максатында Кыргызстан, Казакстан жана Россиянын бажы жана салык кызматтарынын үч тараптуу жолугушуусу өтүүдө.