Опубликовано
11.08.2023, 09:05Алмаз Аттокуров Чүй районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма соз кызматы билдирди.
Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
Кошумчалай кетсек, Чүй районунун акими кызматын буга чейин Жыргалбек Шакиев аркалап келген. Ал Бишкектин Ленин районуна аким болуп дайындалды.
Эске салсак, буга чейин Аттокуров Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болгон.