Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

26.05.2020, 07:00

«Алтын тамга» сынагы 12-19-июнь күндөрү реалдуу режимде болуп өтөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

[news 24567]

«11-жыл «5» деген баага окуп, жакшы ийгиликтерди көрсөткөн окуучулар үчүн «Алтын тамга» көз карандысыз сынактык баалоо өткөрүлөт. Ал Бишкекте жана бардык облустук борборлордо өтөт», - деди ал.

Ал, сынак өткөрүлө турган жерлерде бардык тиешелүү санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарыла турганын айтып өттү.

«Сынак реалдуу режимде, бирок онлайн форматта өтөт. Сынактын катышуучуларына планшеттер берилип, алар 4 сабак боюнча тест тапшырат. Анын жыйынтыгы дароо чыгат. Ал жердеги эксперттер ал жыйынтыкты протоколго каттап алышат», - деди ал.

Ал белгилегендей, тесттин жыйынтыгы менен макул болбогон окуучулар апелляциялык комиссияга кайрыла алат.

Ошондой эле ал «Алтын тамга» сынагынан кийин 21-25-июнь күндөрү 11-классты аяктап жаткан окуучулар үчүн жалпы республикалык тестирлөө болуп өтөрүн эскертти.

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, 2019-2020-окуу жылында ѳзгѳчѳ үлгүдѳгү аттестат алууга 1 миң 420 бүтүрүүчү талапкер болууда. Өткөн окуу жылында «Алтын тамга» сынагына 1 миң 51 окуучу катышып, 182 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алышкан. «Алтын тамга» мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясына катышуу милдеттүү эмес, ар бир талапкер ѳз ыктыяры менен катышат.


Читать похожее

  • 06.05.2024, 23:55:03
  • 29.06.2020, 03:00:43
  • 27.05.2020, 21:00:18
  • 26.05.2020, 01:00:27