
Опубликовано
27.07.2023, 04:00“Альянс Алтын” компаниясы Талас алтын кенинин өндүрүштүк муктаждыктарына жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн Кыргызстандын бюджетине 53,5 млн сом төлөгөн. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул айда Кыргызстандын бюджетине жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн компания 4,3 млн сом төлөдү. Ошол эле учурда “Альянс Алтын” ишканасынын рекультивация фондуна төлөгөн жалпы төлөмдөрү бүгүнкү күндө 45 млн сомду түзөт.
Кошумчалай кетсек, “Альянс Алтын” ишканасы ишке киргенден тарта 2023-жылдын июлуна чейин Кыргызстандын бюджетине салык түрүндө 12,2 млрд сом төлөгөн. Анын ичинде алтынды сатуудан түшкөн каражат 8,3 млрд. сомду түзөт.



