akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    22.05.2020, 11:10

    Пандемия учурунда америкалык миллиардерлердин кирешелери токтоп калбай, тескерисинче көбөйдү. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы Americans for Tax Fairness жана Institute for Policy Studies изилдөөсүнө таянуу менен билдирди.

    [news 24379]

    18-марттан 19-майга чейин «АКШнын 600+ бай жашоочуларынын» тизмесиндегилер 434 млрд доллар киреше табууга үлгүрүшкөн. Март айында Штатта катталган 614 миллиардер болсо, май айында алардын саны 630га жеткен.

    Маалым болгондой, пандемия маалында эн көп киреше тапкандар: Амазондун жетекчиси Жефф Безос (34.6 млрд $ байыган), Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберг (25.3 млрд $ байыган), Microsoft компаниясын негиздөөчү Билл Гейтс (8 млрд $ байыган), Oracle компаниясынын кош негиздөөчүсү Ларри Эллисон (7 млрд $ байыган), Berkshire Hathaway компаниясынын жетекчиси Уоррен Баффет (564 млн долларга байыган) болгон.

    Бул убакыт аралыгында эң чоң ийгиликтерге технологиялык компаниялардын ээлери жетишти, анткени дүйнө жүзүндө киргизилген изоляция режимине байланыштуу көптөгөн процесстер онлайн форматка өткөн.


    Читать похожее

    • 18.07.2024, 03:11:38
    • 04.06.2024, 22:50:04
    • 23.05.2024, 22:28:13
    • 16.05.2024, 04:30:36