Опубликовано
17.03.2022, 05:39Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча Антикризистик комитеттин биринчи кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жапаров белгилегендей, учурда дүйнөдө орун алып жаткан геосаясий кырдаал социалдык-экономикалык тобокелдиктердин пайда болушуна алып келүүдө. Кырдаалды эске алуу менен министрлер кабинети кризиске каршы кезектеги бир катар чараларды кабыл алып, жарандык жана бизнес коомчулук өкүлдөрүнүн сунуштары документке киргизилген.
"Кезектеги чаралар жыйындысы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, күндө керектелүүчү товарларга бааны турукташтырууга, калкты социалдык жактан колдоого жана иш менен камсыз кылууга, ошондой эле финансылык туруктуулукту камсыздоого жана ишкер субъектилерин колдоого багытталган",- деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, 12-мартта министрлер кабинетинин чечими менен Антикризистик комитет түзүлгөн. Анын негизги милдети – өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизген дүйнөдө болуп жаткан окуяларга ыкчам чара көрүү үчүн антикризистик башкарууну түзүү.