Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

02.11.2020, 10:20

Apple компаниясынын кирешеси 64.7 млрд долларды түздү. Буга чейин аналитиктер бул көлөмдү 700 млн долларга жетет деп божомолдошкон. Компания IV кварталдагы кирешеси тууралуу маалыматты өзүнүн сайтына жайгаштырган.

[news 29613]

Компаниянын кирешесинин жогорулаганына карабастан, акция 5% төмөндөгөн. Демек, компания 100 млрд $ арзандады. Эксперттер муну жаңы үлгүдөгү телефондордун сатылышы кеч башталганы менен түшүндүргөн. Смартфондордун сатылышы бир жыл ичинде 20.7% төмөндөп, 26.4 млрд долларды түзгөн.

Андан сырткары, Кытайдагы Айфон телефондорунун сатылышы дагы төмөндөгөн. Аналитиктердин айтымында, компания жергиликтүү өндүрүшчүлөрдөн утулууда. Анткени 5G интернети менен смартфондор Кытайда 2019-жылдан бери чыгып келет.


Читать похожее

  • 19.06.2024, 00:35:41
  • 02.11.2020, 04:20:52