Опубликовано
02.04.2024, 10:2610-апрелден тарта Бишкектин борбордук көчөлөрүн кичи маршруттук каттамдардан бошотуу иши башталат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ахунбаев көчөсү — 7 — апрель көчөсү (Курманжан Датка) – Чүй проспектиси-Манас проспектиси менен чектелген алкактан кичи автобустар чыгарылып, анын ордуна автобустар каттамга чыгат.
Белгилеп кетсек, жакынкы аралыкта Бишкек шаарында бардык кичи автобустар толугу менен автобустарга алмаштырылат.