Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

29.03.2024, 04:52

17-апрелде президент Садыр Жапаров Казакстанга расмий сапар менен барат. Анын алкагында кыргыз-казак бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттиги билдирди.

Ошондой эле, ата мекендик продукцияны өндүрүүчүлөрдүн көргөзмөсү өтөт.

Белгиленгендей, бизнес-форум Кыргызстан менен Казакстандын бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана ишкердик мамилелерди орнотуу үчүн маанилүү. Иш-чара кыргыз-казак бизнес коомчулугунун ортосунда түз байланыштарды түзүүгө жана соода жана инвестициялык мамилелерди өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

“Ата мекендик компаниялар, ассоциациялар жана уюмдар бизнес-форумга жана көргөзмөгө катыша алат. Катталуу 4-апрелге чейин болот. Катталуу үчүн катышуучу тууралуу маалыматты 0555 92 88 89 (Whatsapp) номуруна жөнөтүү керек: фирманын аты-жөнү, катышуучулардын толук аты-жөнү, иш чөйрөсү, байланыш телефону”, - деп айтылат маалыматта.


Читать похожее

  • 21.08.2024, 01:44:10
  • 19.08.2024, 22:35:18
  • 08.07.2024, 00:30:21
  • 01.07.2024, 04:25:36