Akchabarsearch
    Источник фото: Министрлер кабинети

    Опубликовано

    19.03.2022, 06:15

    Министрлер кабинетинин төрагасы Жалал-Абад облусу боюнча жумушчу сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барды.

    Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдалгандай, станциянын учурдагы иши, суунун көлөмү жана төртүнчү гидроагрегатта жүрүп жаткан оңдоо иштери тууралуу маалымат угулду.

    Жапаров оңдоп-түзөө иштерин өз мөөнөтүндө жыйынтыктоо, ошондой эле 1-апрелге карата суунун көлөмүн кеминде 8 млрд метр кубга жеткирүү тапшырмасын берди.


    Читать похожее