Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

24.11.2023, 06:35

Араван районунун Тою-Моюн айылында тогуз жылдан бери курулуп жаткан мектеп колдонууга берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришти.

Ведомство маалыматына ылайык, социалдык объекттин жалпы аянты 1 миң 780 чарчы метрди түзөт.

Мектеп 225 окуучуга ылайыкташкан. Анда окуу класстарынан тышкары физика, химия сабактары үчүн лабораториялар, медициналык пункт, китепкана, ашкана жана концерттик залы бар.


Читать похожее