
Опубликовано
05.07.2023, 07:25Базар-Коргон районунда жайгашкан Арстанбаптагы "Кыргызнефтегаз" ишканасынын "Зорька" эс алуу жайына кошумча 10 жаңы корпус салынды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында жайгашкан "Зорька" эс алуу жайына кошумча 10 жаңы корпус салынып, биринчи агым менен 300 бала жайкы эс алууга чыкты.
"Зорька" эс алуу жайы негизинен Кыргызнефтегаз ишканасында эмгектенген кызматкерлердин балдарын жайкы эс алуусун уюштурууга багытталган. Бул жылы анда жалпы беш агымды кабыл алуу пландаштырылган.



