Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

03.01.2024, 05:48

Мурдагы айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков “Айыл Банк” ААКтын директорлор кеңешинин курамына кирди. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Эскерте кетсек, Аскарбек Жаныбеков 2023-жылдын 25-декабрында айыл чарба министри кызматынан кеткен.

Жаныбековду “Айыл Банктын” директорлор кеңешинин курамына дайындоо чечими 2023-жылдын 29-декабрында өткөн акционерлердин кезексиз жалпы чогулушунда кабыл алынган.

Ушул эле жыйында 2022-жылдын 29-мартынан бери директорлор кеңешинин мүчөсү болуп келген Нурай Марстын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечими кабыл алынды.


Читать похожее