Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

14.08.2024, 06:23

“Asman Airlines” мамлекеттик авиакомпаниясы 27-сентябрдан тарта аймактар ​​аралык алгачкы каттамдарын баштайт. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Канадада жасалган Dash-8-400 учагы Талас, Нарын, Каракол жана башка шаарларга учат.

Бийлик билеттер жеке авиакомпаниялар сунуштагандан арзан болорун убада кылууда.

Эки Dash-8-400 учагын сатып алуу өткөн жылдын сентябрында белгилүү болгон. Алар 2013-жылы чыгарылган, ар биринин баасы болжол менен 6 млн долларды түзөт. Бул типтеги учактар ​​80 жүргүнчүнү батыра алат.