Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

10.07.2020, 06:30

«Бүгүнкү күнгө карата макулдашылган 627 млн $ финансы каражатынан 51%ы же $321 млн келип түштү, ал эми калган суммасы азырынча түшө элек. Алардын ичинен $166 млн өлкөнүн бюджетине грант катары түшсө, $461 млн – жеңилдетилген насыялоо шартында келүүдө», - деп билдирди КР вице-премьер-министри Эркин Асрандиев.



Анын айтымында, чыгашалардын эки негизги багыты бар – бул бюджет чыгымдарын жабуу жана коронавируска каршы күрөшүү.

$171 млн айлык акыларды төлөөгө жана ММКФны трансферлерине багытталган. Бул сумманын 80%ы корголгон беренелерди каржылоого жумшалды.

Дүйнөлүк банктын $2,2 млн медицина каражаттарын сатып алууга колдонулду. Бардык тендерлер Дүйнөлүк банктын көзөмөлү алдында жана алардын макулдугу менен өткөрүлүүдө.

$3 млн дан сатып алууга жумшалган.

$1,3 млн ӨА режими учурунда гумжардам көрсөтүүгө сарпталган.

«Өлкөгө келип жаткан каржылык жана гуманитардык жардам жөнүндө кеңири маалыматты Өкмөттүн сайтынан таба аласыз. Маалымат жума сайын жаңыланып турат», - деп белгиледи ал.


Читать похожее

  • 09.10.2020, 00:30:20
  • 07.10.2020, 22:15:34
  • 10.07.2020, 00:30:48
  • 11.06.2020, 05:30:09