Akchabarsearch
    Источник фото: WWW

    Опубликовано

    05.04.2023, 07:33

    Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо иштери аяктады. Буга байланыштуу иш-чарага Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров катышты.

    Маалыматка ылайык, 40 МВттан 45,7 МВтка чейин көбөйтүлгөн Ат-Башы ГЭСи 25-40 жыл колдонулары пландалууда.

    “Кыргыз Республикасынын гидроэнергетикалык потенциалы абдан жогору, бизде 40 миңге жакын дарыялар, мөңгүлөр бар, аларда дүйнөнүн эң бийик 4 чокусунда жайгашкан. Биз бул потенциалды пайдаланууга даярбыз жана келечектеги инвесторлор үчүн бардык шарттарды түзөбүз. Мунун түздөн-түз далили — Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоонун аякташы. Мындан ары Ат-Башы ГЭСи Нарын облусунун калкын туруктуу электр энергиясы менен гана камсыз кылбастан, бүтүндөй облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошот”, - деди Акылбек Жапаров.

    Ошондой эле, өкмөт башчы ГЭСти реконструкциялоого жардам көрсөткөндүгү үчүн Швейцария Конфедерациясынын өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.


    Читать похожее