akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    10.02.2020, 07:30

    Ат-Башы районундагы логистикалык борбор жети жылда курулуп бүтөт. Бул тууралуу маалымат жыйында айтылды.

    Инвестиция тартуу агенттигинин өкүлү Жалын Жээналиевдин айтымында, учурда борбордун техникалык долбоору түзүлүүдө.

    «Инвестициялык келишимге кол коюула элек. Анда баардык талаптар көрсөтүлөт. Эгер инвестор талаптарды аткарбаса келишим жокко чыгарылат. Талаш маселелер Кыргызстандын мыйзамдары менен жөнгө салынат», — дейт ал.

    Борбордун курулушуна 176 гектар жер берилди.


    Читать похожее