
Опубликовано
14.08.2023, 10:06Улуттук инвестициялык агенттик “Alibaba Singapore E-commerce Private Limited” менен ата мекендик товарларды Кытай рыногуна жылдыруу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койду. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.
Белгиленгендей, бүгүн Улуттук инвестициялык агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев менен “Alibaba Group Global Digital Business” өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуунун багыттары жана Кытайдан Кыргызстанга инвестиция тартуу боюнча эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, Кыргызстандын инвестициялык климаты, жеңилдиктер талкууланды. Кыргызстанда бажы кампаларын курууга инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу сунушталды.
“Бүгүн биз “Alibaba” дүйнөлүк базары менен биргелешкен иш боюнча биринчи документке кол койдук. Кыргызстандык товарлар үчүн өзүнчө аянтча ачып жатабыз жана биз 50 алдыңкы ата мекендик ишканаларды, экспорттоочуларды окутуп жана жылдыра алабыз”, - деп билдирди УИАнын жетекчиси Умбриэль Темиралиев.




