
Опубликовано
12.10.2023, 10:03“Авангард стиль” компаниясынын жетекчиси Эрнис Миңкеев №1 тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык соту билдирди.
Миңкеев УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен 4-ноябрга чейин камакка алынган.
Ишкерге өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу) негизинде айып тагылды.



