Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    15.04.2022, 03:58

    Президент Садыр Жапаров “Кыргызстандагы жол кыймылы жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

    Мыйзамдын максаты - республикалык бюджетке салыктык эмес келип түшүүлөрдү көбөйтүү жана акы төлөө негизинде транспорт каражаттарынын ээлерине транспорт каражатынын алдыңкы эшиктердин каптал айнектерин күңүрттөөгө мыйзамдуу түрдө уруксат алуу мүмкүнчүлүгүн берүү. Башкача айтканда тартип бузуу, кылмыштуулуктун санын азайтуу менен бирге бюджетке түшчү акча каражатынын көлөмүн көбөйтүү болуп саналат.

    "Дүйнөлүк практиканын анализи көрсөткөндөй, унаалардын терезелерин караңгылатуу дүйнөнүн жогорку өнүккөн өлкөлөрүндө колдонулат. Мисалы АКШ, Япония, Кытай жана башка ушул сыяктуу өлкөлөрдө. Ошондой эле, транспорт каражаттарынын маңдайкы айнегин жана (же) алдыңкы эшиктердин каптал айнектерин күңүрттөөгө акы төлөө негизинде бизге жакын кошуна Өзбекстан жана Тажикистан өлкөлөрүндө да уруксат берилген",- деп айтылат маалыматта.

    Мыйзамга ылайык, уруксаты жок айдоочунун маңдайкы же алдыңкы эшиктеринин каптал айнектери күңүрттөлсө, жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүчтүн, юридикалык жактарга 400 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат.

    Белгилей кетсек, жогоруда аталган мыйзамдын долбоорун министрлер кабинети тарабынан сунушталып, Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алган. Бул мыйзамдын кабыл алынышы менен жыл сайын 20 миң унаанын терезеси караңгылатары болжолдонуп жатат. Ал эми автоунаанын каптал айнектерин караңгылатуунун акысы бир жылга 30-50 миң сом болушу ыктымал.


    Читать похожее

    • 14.04.2022, 21:58:38