Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    27.05.2024, 09:51

    “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамга аялдардын ишкердиги түшүнүгүн киргизүү сунушталды. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты.

    Мыйзам долбоорун депутат Камиля Талиева менен Элдар Абакиров иштеп чыкты.

    Депутаттардын айтымында, көптөгөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы бизнес чөйрөсүндөгү аялдарга мамлекеттик колдоонун маанилүүлүгүн көрсөтөт. Сунушталган мыйзам долбоорунда төмөнкү эки учур боюнча айтылат:

    • жеке ишкерлик аял тарабынан жүргүзүлгөндө;
    • акцияларынын же катышуу үлүшүнүн 51%дан кем эмеси аялга таандык, жана штаттык кызматкерлеринин 51%дан кем эмесин аялдар түзгөн, коммерциялык ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жак.

    “Аялдардын ишкердиги – социалдык-эмгек мамилелерин өнүктүрүүдөгү актуалдуу муктаждык, ал коом, эл аралык уюмдар тарабынан активдүү колдоого алынып, финансы-кредиттик уюмдар тарабынан колдоого алына баштады, бирок ишкердик демилгелерди турмушка ашыруу оңой эмес, бул мамлекет тарабынан комплекстүү жана системалуу колдоону талап кылат”, - дейт мыйзамдын авторлору.


    Читать похожее

    • 27.05.2024, 03:51:38