Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

26.07.2023, 12:02

Бүгүн Ысык-Көлдө өткөн кыргыз-азербайжан бизнес форумунда Азербайжан Кыргызстанга 800 млн доллардан ашык инвестиция салууга даяр экендигин билдирди.

Маалыматка ылайык, бизнес форумдун жыйынтыгында алты документке кол коюлду, алар:

  • “Кыргыз фондулук биржасы” ЖАК менен “Баку фондулук биржасы” ЖАКтын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • “Смарт Логистик” ЖЧКсы менен “Абшерон Логистик” ЖЧКсынын ортосундагы логистика тармагында кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Коммерциялык эмес уюмдар “Азербайжанда аялдардын ишкердигин өнүктүрүү ассоциациясы” коомдук бирикмеси менен “Келечектин үчилтик шаары” коомдук бирикмесинин ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • “Новелл” ЖЧКсы менен жеке ишкер Гусейнов Хабилдин ортосунда топоздун тоңдурулган этин сатып алуу боюнча меморандум;
  • “Карабах Ампут футбол клубу” ЖЧКсы менен “Келечектин Тринити шаары” коомдук бирикмесинин ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • “Жаштар тилектештигин колдоо” коомдук бирикмеси менен “Жолборс тайм” коомдук бирикмесинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу.


Читать похожее