Опубликовано
03.03.2022, 11:10Бириккен Араб Эмираты Кыргыз-Эмират инвестициялык фондун түзүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) расмий сапарынын алкагында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев БАЭнин экономика министри Абдулла Бин Таук Аль-Марри менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КР менен БАЭнин ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну мындан ары кеңейтүүнүн жана бул жаатта биргелешкен бир катар (мейманкана бизнеси, курорттук-рекреациялык чөйрөдөгү, айыл чарба, энергетика, туризм ж.б) иш-чараларды ишке ашыруунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Кыргыз-Эмират инвестициялык фондун (КЭИФ) түзүү маселеси тараптардын ортосундагы сүйлөшүүнүн өзүнчө темасы болду.
“Казакбаев кыргыз-орус, кыргыз-өзбек, кыргыз-венгер инвестициялык фонддорунун түзүлгөндүгүн оң тажрыйба катары белгилеп, Кыргыз-Эмират инвестициялык фондун тез арада түзүүгө бардык күч-аракеттерди жумшоону сунуш кылды.
Эмират тарап биргелешкен инвестициялык фондду түзүүгө кызыкдар экендигин билдирди жана бул маанилүү маселени улук эксперттик жана жогорку деңгээлдеги жакынкы биргелешкен иш-аракеттердин күн тартибине киргизүүнү сунуштады”,- деп айтылат маалыматта.
Жолугушуунун жүрүшүндө БАЭнин экономика министри ага берилген кыргыз тараптын инвестициялык долбоорлорун карап чыгууга даяр экендигин билдирди. Ошол эле учурда тараптар кызматташтыктын өз ара кызыгууну жараткан багыттарын ишке ашыруу үчүн тыгыз жумушчу байланыштарды улантуу тууралуу макулдашты.