Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    19.04.2022, 11:36

    Энергиянын жаңылануучу булактары жана шаарларды туруктуу өнүктүрүү тармагындагы дүйнөлүк лидер катары таанылган «Masdar» компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстанда кубаттуулугу 200 мегаватт күн станцияларын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга кызматташууга даярдыгын билдирди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

    Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бириккен Араб Эмиратынан келген «Masdar» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөн.

    Төрөбаев өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалы туурасында айтып берип, энергиянын жаңылануучу булактары жаатындагы долбоорлорду өнүктүрүүнүн артыкчылыгын белгилеп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууга чакырды.

    Жолугушууда келечектеги кызматташуу маселелери талкууланды.


    Читать похожее