Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

15.07.2024, 05:23

Бүгүн Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөсүнүн Кулатов көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Учурда жогоруда аталган участокто капиталдык оңдоо иштери аяктады.

Белгилеп кетсек, Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөсүн Токомбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Буга чейин капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин Токомбаев көчөсүнөн Кулатов көчөсүнүн бир бөлүгү ачылган.

Бүгүнкү күндө Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү жабык бойдон калууда.


Читать похожее

  • 14.07.2024, 23:23:42
  • 28.06.2024, 00:00:19