akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    29.07.2024, 06:10

    Аламүдүн районунун Байтик айылында “Байтик курулуш” керамикалык кирпич заводунун салтанаттуу ачылышы өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

    Иш-чарага Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова, кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев, ошондой эле Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү катышты.

    “Күнүнө 150 миң кирпич чыгаруучу “Байтик курулуш” керамикалык кирпичтер заводунда 50дөн ашык адам иштейт”, - деп айтылат маалыматта.

    Капиталдык салымдардын көлөмү 9 млн долларды, ал эми жалпы өндүрүш аянты 8 миң чарчы метрди түзөт.


    Читать похожее

    • 29.07.2024, 00:10:25
    • 26.12.2023, 01:11:07