Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

07.05.2024, 05:22

Коомдук транспорттогу жол акы "BakAi" банктын мобилдик тиркемеси менен 8,5 сомду түзөт. Ал үчүн автобустардын жана троллейбустардын сыртына жана ичине чапталган Тулпар QR-кодун сканерлөө керек. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Белгилеп кетсек, бул акция 2024-жылдын 31-июлуна чейин уланат.

Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук транспортунда жол кирени накталай эмес төлөө системасы иштейт.

Коомдук транспортто жол кире акысы:

  • троллейбуста – 17 сом;
  • автобуста – 17 сом;
  • кичи автобустарда – 20 сом;
  • валидаторлор орнотулган автобустарда жана троллейбустарда жол кирени накталай төлөөдө-20 сом.