Опубликовано
05.04.2021, 10:00Бакай-Атада 10 гектардан ашык жер аянты мамлекеттик менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.
[news 33805]
Маалыматка ылайык, Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен жалпы 10,02 га жайыт жерлерди жер мыйзамдарынын талаптарына ылайык жайыттар мамлекеттин менчигинде гана тургандыгына карабастан турак жай куруу үчүн жеке менчикке берип коюшкандыгы аныкталган.
Буга байланыштуу мыйзамсыз берилип кеткен жайыт жерлерин мамлекетке кайтаруу максатында, райондук прокуратура тарабынан сотко доо арыздар келтирилген.
«Соттук кароолордун жыйынтыгы менен доо арыздар толугу менен канааттандырылып, жалпы 10,02 га жайыт жерлерм кайрадан мамлекеттин балансына алынды», - деп жазылат маалыматта.